Нидерландиялык командир: "Орусия менен согушка даяр болушубуз керек"

Вийнен нидерландиялык De Telegraaf гезитине армия тууралуу баа берди.

2082024
Нидерландиялык командир: "Орусия менен согушка даяр болушубуз керек"

Нидерландиянын кургактык күчтөрүнүн командири генерал-лейтенант Мартин Вийнен: «Орусия менен согушууга даяр болушубуз керек»,- деди.

Вийнен нидерландиялык De Telegraaf гезитине армия тууралуу билдирүү жасады.

Нидерландиянын Орусия менен кагылышууга даяр болушу керектигин айткан Вийнен, мунун «баары каска кийе баштайт» дегенди билдирбегенин, өлкөсүнүн Орусия менен чектеш, калкы согушка алда канча даяр болгон Швеция, Финляндия жана Балтика өлкөлөрүнөн үлгү алуусу керектигин баса белгиледи.

Вийнен: «Биз Орусия менен согушка даяр болушубуз керек», деп айтты.

Нидерландиянын Орусиядан 1500 километр алыс болгондуктан коопсуздугу кепилдикке алынган деп ойлобошу керектигин белгилеген Вийнен: «Орусия түшүнгөн бир гана тил бар, ал да күчтүү армия» деп сереп салды.

Ушул алкакта Коргоо министрлигиндеги кадрлардын жетишсиздигин жоюу маанилүү экенин билдирди.

Кызматын 1-январда өткөрүп бере турган Вийнен, 2021-жылдан бери Нидерландиянын кургактык күчтөрүнүн командири катары иштеп келе жатат.



Тектеш кабарлар