Гутерриш Газага жардамдар боюнча координатор дайындады
Билдирүүдө Гутерриштин Каагды «Газага гуманитардык жардамдарды уюштуруу, көмөктөшүү жана көзөмөлдөө» үчүн дайындаганы, Каагдын жаңжалга аралашпаган өлкөлөрдүн жардамдарын координациялоо механизмин да түзө турганы маалымдалды.
![Гутерриш Газага жардамдар боюнча координатор дайындады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2fa2/52cd/f63f/6527926a22a85.jpg?time=1719060686)
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш Газага гуманитардык жардамдарды уюштуруу, көмөктөшүү жана көзөмөлдөө үчүн Нидерландиянын мурдагы тышкы иштер министри Сигрид Каагды координатор кылып дайындады.
БУУнун басма сөз кызматы, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде (БУУКК) жума күнү кабыл алынган 2720-резолюциясында Газага гуманитардык жардамдарды жеткирүүнү тездетүү үчүн Улук гуманитардык жардам жана кайра куруу координаторунун дайындалышы талабына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө Гутерриштин Каагды «Газага гуманитардык жардамдарды уюштуруу, көмөктөшүү жана көзөмөлдөө» үчүн дайындаганы, Каагдын жаңжалга аралашпаган өлкөлөрдүн жардамдарын координациялоо механизмин да түзө турганы маалымдалды.
Каагдын дипломатия, саясий жана гуманитардык жардам жаатындагы тажрыйбасы баса белгиленген билдирүүдө, анын ишин БУУнун Проект Кызматтары Бюросунун (UNOPS) колдой турганы айтылды.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши 22-декабрда Газага кеңейтилген гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жана коопсуз жетүүсү үчүн «чукул кадамдарды» талап кылган резолюцияны кабыл алган.
Тектеш кабарлар
![АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/058b/8927/e4a0/66767f465b7f3.jpg?time=1719060686)
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.