Израиль БУУнун чакырыгын четке какты

Эли Коэн Газада азыркы этапта ок атышпоону кабыл алуунун жаңылыштык болорун жана Израилдин Хамаска каршы согушун уланта турганын айтты.

2076376
Израиль БУУнун чакырыгын четке какты

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн, Хамаска каршы согушту эл аралык колдоо болсо да, болбосо да уланта тургандарын билдирди.

Эли Коэн Газада азыркы этапта ок атышпоону кабыл алуунун жаңылыштык болорун жана Израилдин Хамаска каршы согушун уланта турганын айтты.

Коэн: «Учурдагы баскынча ок атышууну токтотуу террордук уюм ХАМАСка белек болуп саналат жана кайтып келип Израилдин тургундарын коркутууга мүмкүндүк берет», - деди.

Израилдин премьер-министрлигинин басма сөз катчысы Офир Гендельман да Газада ок атышпоого учурда уруксат бербей тургандарын айтты.

Гендельман Zoom аркылуу өткөргөн пресс-конференцияда, ок атышпоонун Хамаска кайрадан күчтөнүп эс алуу мүмкүнчүлүгүн берерин жана буга жол бербей тургандарын билдирди.

«Хамасты жок кылгандан кийин ок атышпоо болушу мүмкүн» деген Гендельман, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында (БУУ) мурунку күнү кабыл алынган ок атышпоо чечиминин четке кагылганына көңүл бурду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Газада ок атышууну дароо токтотууну талап кылган резолюция долбоорун 193 өлкөнүн 153ү колдоп, 10 өлкө четке каккан.



Тектеш кабарлар