Хизбуллах Израилдин аскердик пунктуна кол салганын жарыялады

Хизбуллах кол салуу тууралуу билдирүү жасады.

2075738
Хизбуллах Израилдин аскердик пунктуна кол салганын жарыялады

Хизбуллах кыймылы Ливандын түштүгүнөн Израилдеги аскердик пунктка кол салганын жарыялады.

Хизбуллах кол салуу тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Израилдин Аль Маликийе аскердик пунктуна «тиешелүү куралдар» менен кол салуу болгону белгиленди.

Ливандын расмий агенттиги NNAдагы кабарга караганда Израилдин куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары Бейт Лиф жана Рамия шаарларынын ортосундагы аймакты бомбалады.

Ошондой эле Кефрятир шаарынын асманында ракета жарылып, кулап түшкөн сыныктардын бир унаага тийгени билдирилди.

8-октябрдан бери Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосундагы кагылышууда 100 Хизбуллах мүчөсү жана 6 израилдик аскер каза болду.

Кагылышуулардан улам Ливанда 24, Израилде 5 жаран каза болду.



Тектеш кабарлар