Байден: "Израилге аскердик колдоо уланат"

Жо Байден жөөттөрдүн Ханука майрамынан улам Ак үйдө уюштурулган кабыл алууда сөз сүйлөдү.

2075510
Байден: "Израилге аскердик колдоо уланат"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Израилге аскердик колдоосунун улана турганын айтты.

The Times of Israel гезитинин кабарына караганда, Жо Байден жөөттөрдүн Ханука майрамынан улам Ак үйдө уюштурулган кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин Палестинага кол салууларынын себебинен АКШда күчөгөн антисемитизмди айыптаганын билдирди.

Байден "Хамастан кутулганга чейин Израилге аскердик колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын" баса белгилеп, "Бирок абдан этият болушубуз керек. Бүткүл дүйнөнүн пикири бир күндө өзгөрүшү мүмкүн. Буга жол бере албайбыз»,-деди.

Жөөттөр менен Израилдин коопсуздугуна жана эгемен еврей мамлекетинин бар болуу укугуна колдоосунун кынтыксыз экенин айткан Байден: «Израиль болбогондо дүйнөдө бир дагы еврей коопсуз болмок эмес»,- деп айтты.

Байден: «Менин жөөт коомчулугуна болгон жылуу мамилем жана байланышым талашсыз. Бир нече жыл мурун "сионист болуу үчүн еврей болуунун кажети жок, мен сионистмин" дегенимде кыйынчылыкка жана сынга кабылгам»,-деди.



Тектеш кабарлар