Израиль Газага артиллериялык бөлүктөрүн жылдырып жатканын жарыялады

Израиль армиясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, Газа тилкесинин айланасына жайгаштырылган артиллериялык бөлүктөрдүн бир бөлүгү түндүктөгү Шужайе аймагына жылдырылды.

2074747
Израиль Газага артиллериялык бөлүктөрүн жылдырып жатканын жарыялады

Израиль армиясы кол салуулары менен гуманитардык апаат тереңдеген Газа тилкесинин түндүгүндөгү Шужайе аймагына артиллериялык бөлүктөрүн жылдырганын жарыялады.

Израиль армиясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, Газа тилкесинин айланасына жайгаштырылган артиллериялык бөлүктөрдүн бир бөлүгү түндүктөгү Шужайе аймагына жылдырылды.

Сөз болуп жаткан аскерлердин «капкан үйлөргө жана курал кампаларына» кол салганы жана 20 имаратты талкалаганы белгиленди.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль-Кассам бригадалары 7-октябрда «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз бузууларга жооп берүү» деген негиз менен 7-октябрдын таңында Израилге «Акса топону» деген кеңири чабуулун баштаган.

Израилде 7-октябрдагы кол салууларда 310дон ашууну аскер болгон 1200 израилдиктин каза болгондугу, 5132 кишинин жараланганы жарыяланды.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 17 700 палестиналык, анын ичинде кеминде 7 700 бала жана 5 150 аял каза болду. Урандылардын астында миңдеген набыт болгондор бар экени кабарланууда.

Израиль армиясы эл баш калкалаган ооруканаларды жана билим берүү мекемелерин бутага алуу менен жарандык инфраструктураны талкалап жатканда, кургактыктан басып алуу процессинде 98 аскери набыт болду.

Газадагы калктын 80 пайызы, 1 миллион 900 миң палестиналык Израиль армиясынын чабуулдарынан улам блока астында көчүүгө аргасыз болду. БУУнун агенттиктери күч менен жер которгон палестиндиктер баш калкалоочу жай, тамак-аш, таза суу, дары-дармек жана саламаттыкты сактоо жетишсиздиги менен күрөшүп жатканын эскертүүдө.

24-ноябрда 4 күн берилген жана андан кийин дагы 3 күнгө узартылган «гуманитардык тыныгууда» 81 израилдик жана 240 палестиналык туткун өз ара эркиндикке чыгарылды.

275 палестиналык Израиль күчтөрү менен мыйзамсыз жөөт отурукташуучулардын басып алган Батыш Шериа жана Кудска кол салууларында каза болду.



Тектеш кабарлар