Блинкен менен Ван сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын Мамлекеттик департаменти жазуу түрүндө маалымат берди.

2073365
Блинкен менен Ван сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Жакынкы Чыгыш жана эки тараптуу мамилелерди талкуулады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Блинкен менен Ван телефон аркылуу сүйлөштү.

Жакынкы Чыгышта кагылышуунун жайылышын алдын алуу үчүн тараптардын биргелешип иштеши керектигине көңүл бурган Блинкен, Кызыл деңизде соода кемелерине кол салуулардын эл аралык деңиз укугуна коркунуч туудурганын баса белгиледи.

АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) 4-декабрда Кызыл деңиздин түштүгүндөгү эл аралык сууларда 3 соода кемесине 4 кол салуу болгонун кабарлаган.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан да, Кызыл деңиздеги коммерциялык кемелерге жасалган кол салуулардын жооптуусу Иран экенин айткан.



Тектеш кабарлар