Газа тилкесине гуманитардык жардам ташыган 100 жүк ташуучу унаа келди

Бул тууралуу Палестина Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.

2071863
Газа тилкесине гуманитардык жардам ташыган 100 жүк ташуучу унаа келди

Палестинанын Кызыл Жарым Ай уюму гуманитардык жардам ташыган 100 фура Израиль менен Хамастын ортосундагы «гуманитардык тыныгуу» келишими кечээ аяктагандан кийин кол салуулар кайра башталган Газа тилкесине киргенин жарыялады.

Палестина Кызыл Жарым Айынын  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Рефах чек ара капкасынан Газа тилкесине кирген гуманитардык жардам жүктөлгөн 100 жүк ташуучу унаанын Египет Кызылайынан алынганы белгиленди.

Жүк ташуучу унааларда суу, тамак-аш, дары-дармек жана медициналык буюмдар ташылганы айтылды.

Ар кайсы өлкөлөрдөн Газага жөнөтүлгөн жардамдар Египет Кызылайынын координациясында Египет менен Газанын ортосундагы Рефах чек ара капкасынан жеткирилүүдө.



Тектеш кабарлар