Израилдин Газадагы кол салуулары

Израилдин согуштук учактары менен согуштук кемелеринин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнуска жана борбордук бөлүгүндөгү Дейр аль-Балах шаарына катуу чабуул жасаганы билдирилди.

2071668
Израилдин Газадагы кол салуулары

Израиль армиясы кечээ эртең менен «гуманитардык тыныгуу» аяктагандан кийин  Газа тилкесиндеги чабуулдарын кайра баштады жана 1-декабрдагы кол салууларда көбү балдар жана аялдар болгон 178 киши каза болуп, 589 киши жараланды.

Израилдин согуштук учактары менен согуштук кемелеринин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнуска жана борбордук бөлүгүндөгү Дейр аль-Балах шаарына катуу чабуул жасаганы билдирилди.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын жергиликтүү булактарга таянган кабарына караганда, Израилдин аскердик учактары Хан Юнус шаарына абадан катуу чабуул жасады.

Кол салууда ондогон адамдар, анын ичинде балдар жана аялдар каза болду жана жарадар болду. Каза болгондордун жана жабыркагандардын так саны билдирилген жок.

Израилдин аскердик кемелери да Газа тилкесинин ортоңку бөлүгүндөгү Дейр аль  - Балах шаарынын жээк аймактарына оор  куралдар менен ок атып, шаарга ондогон жарык берүүчү бомбаларды таштады.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал  -  Кассам бригадалары  7 -  октябрь күнү эрте менен Израилдин "Палестиналыктарга жана башта Месжид  -  и Акса болгон ыйык баалуулуктарга карата эреже бузууларга жооп кайтаруу" деген негиз менен кенен түрдө кол салуу жасап Израиль армиясы да Газа тилкесине абадан катуу бомбалоо баштады. 

Израилде 7-октябрдагы кол салууларда 1200 израилдиктин, анын ичинде 310дон ашуун аскердин каза болгондугу, 5132 кишинин жараланганы жарыяланды. Израиль армиясынын маалыматына караганда 7-октябрдан бери Газадагы кагылышууларда 70, Ливандын чек арасындагы кагылышууларда 6 израилдик аскер өлтүрүлдү.

Газадагы  өкмөттүн билдиргенине караганда 7 -  октябрдан бери Газа тилкесинде Израиль  кол салууларында өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны  6 миң  150дөн ашуун бала жана 4 миңден ашуун аял болгон  15 миңден ашты.

Оккупация астындагы Батыш Шериа жана Кудста да  7 -  октябрдан бери Израиль күчтөрү жана еврей отурукташуучулардын кол салууларында  248 палестиналык каза болду. 

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда 4 күндүк «гуманитардык тыныгуу» жөнүндөгү келишим 24 - ноябрь жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө (Түркия убактысы боюнча саат 08:00) күчүнө кирди жана андан кийин дагы 3 күнгө узартылды.

Израиль менен Хамастын ортосунда түзүлгөн туткундарды алмаштыруу келишиминин алкагында Газа тилкесиндеги 81 израилдик туткун, 240 палестиналык Израилдин абактарынан бошотулду.

 

 



Тектеш кабарлар