Йенс Столтенберг Путиндин Украина менен ок атышпоо шарттарына каршылык көрсөттү

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штаб  - квартирасында  өткөрүлгөн коргоо министрлеринин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

2153264
Йенс Столтенберг Путиндин Украина менен ок атышпоо шарттарына каршылык көрсөттү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина менен  атышпоо шарттарына каршы чыгып : "Украина өз күчтөрүн өз аймагынан чыгарбашы керек, бирок Россия оккупациялаган Украина жерлеринен аскерлерин чыгарышы керек",- деди.

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штаб  - квартирасында  өткөрүлгөн коргоо министрлеринин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Путиндин : "Эгер Украина Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьеден аскерлерин чыгарып, НАТОго кошулуудан  баш тартса,  Киев менен сүйлөшүүлөрдү баштаса болот",- деген сөздөрүнө жооп берген Столтенберг мунун "жакшы ниет менен жасалган сунуш эмес" экендигин айтты. 

 

Столтенберг ок атышпоо шарттарына байланыштуу : "Украина өз күчтөрүн өз аймагынан чыгарбашы керек, бирок Россия оккупацияланган Украин аймактарынан күчтөрүн чыгарып кетиши керек. Бул сунуш чындыгында Россиянын Украинанын дагы көп аймагын,  Украинага таандык эмес экендигин айткан  төрт аймакты басып алуу укугуна ээ болушу керек дегенди билдирет",- деп баа берди.

Бул шарттардын Украинанын Россиянын ушул кезге чейин оккупацияга алгандан дагы көп жерден баш тартуусу деген мааниге келгендигин белгилеген Столтенберг : "Бул тынчтык сунушу эмес. Бул дагы көп агрессия жана дагы көп оккупация",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар