Нетаньяху- Штайнмайер жолугушуусу
Нетаньяху менен Штайнмайердин жолугушуусу Израиль парламентинде өткөрүлдү.
2069670
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, расмий иш сапарынын алкагында Израилге барган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.
Премьер-министрликтин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Нетаньяху менен Штайнмайердин жолугушуусу Израиль парламентинде өткөрүлдү.
Жолугушууда Нетаньяху, сапары жана Израилге көрсөткөн достук мамилесинен улам Штайнмайерге ыраазы экенин айтты.
Израилдин премьер-министри ошондой эле Штайнмайерге Германиянын Тель-Авив администрациясына "ырааттуу" колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Штайнмайер кечээ израилдик кесиптеши Ицхак Герцог менен жолугуп, Германиянын Израилди “шартсыз” колдоосун тастыктаган.