Израилден Ливандын түштүгүнө ракеталык кол салуу

Израиль күчтөрү Ливандын түштүк чек ара аймагында жайгашкан Айта аш-Шааб жергесине жакын аймакка ракета менен сокку урду.

2069865
Израилден Ливандын түштүгүнө ракеталык кол салуу

Израиль армиясы Ливандын чек ара аймагына ракеталарды учурду.

Ливандын расмий агенттиги NNAдагы кабарга караганда, Израиль күчтөрү Ливандын түштүк чек ара аймагында жайгашкан Айта аш-Шааб жергесине жакын аймакка ракета менен сокку урду.

Кол салууда каза тапкандар же материалдык чыгым болгондугуна байланыштуу маалымат берилген жок.

8-октябрдан бери Израиль армиясы менен Хизбулланын ортосундагы кагылышууда 86 Хизбулла мүчөсү жана 6 израилдик аскер каза болду.

Израиль менен ХАМАС 24-ноябрда жетишкен "гуманитардык тыныгуудан" кийин Израиль менен Хизбулланын ортосундагы кагылышуулар кыйла азайган.



Тектеш кабарлар