БУУ: "Ооганстанга кайтып баргандар үчүн 10 миллион доллар бөлүндү"

Гриффитс: "Сентябрдын ортосунан бери Пакистандан Ооганстанга 300 миңден ашуун ооган кайтып барды», - деди.

2067043
БУУ: "Ооганстанга кайтып баргандар үчүн 10 миллион доллар бөлүндү"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын гуманитардык иштер жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс, Ооганстанга кайтып баргандар үчүн 10 миллион долларлык атайын фонд бөлүшкөнүн кабарлады.

Гриффитс социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: "Сентябрдын ортосунан бери Пакистандан Ооганстанга 300 миңден ашуун ооган кайтып барды», - деди.

Бул адамдар үчүн БУУнун Борбордук чукул кийлигишүү фондунан 10 миллион долларлык атайын каражат бөлүшкөндөрүн белгилеген Гриффитс, фонддун «турмуштук колдоо көрсөтүү жана адамдын негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн» бөлүнгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар