Израилдин Жебалияга үчүнчү кол салуусу
Алгачкы маалыматтарга караганда 44 кишинин каза болгону, көп сандаган кишинин жараланганы билдирилди.
2059592
![Израилдин Жебалияга үчүнчү кол салуусу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c2a9/af1d/6a06/654180282952f.jpg?time=1718927642)
Израилдин Газа тилкесиндеги Жебалия качкындар лагерине 48 сааттын ичиндеги үчүнчү кол салуусунда 44 киши каза болду.
Палестинанын WAFA кабар агенттиги, Израиль күчтөрүнүн Жебалия качкындар лагериндеги бир мектепке ракета атканын, алгачкы маалыматтарга караганда 44 кишинин каза болгонун, көп сандаган кишинин жараланганын билдирди.
Израиль күчтөрүнүн Бурейж лагерин да бутага алып, ал жерде да көптөгөн өлүм жана жаракат алгандар катталды.