Австралиянын премьер-министри Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу билдирүү жасады
Албаниз Газада жарандардын өлүмүнүн көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирип, жарандарды коргоо үчүн бардык аракеттин көрүлүшү керектигин баса белгиледи.
![Австралиянын премьер-министри Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу билдирүү жасады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0c55/8af0/cf85/654398a72f31d.jpg?time=1718991995)
Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз, (Газада) карапайым калкты коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүү керектигин билдирип: «Ар бир палестиналыктын жашоосу, ар бир израилдиктин жашоосу сыяктуу маанилүү»,-деди.
ABC News агенттигинин маалыматына караганда, Мельбурн шаарында өткөн конференцияда сөз сүйлөгөн Албаниз Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу билдирүү жасады.
Албаниз Газада жарандардын өлүмүнүн көбөйүшүнө тынчсызданганын айтып, жарандарды коргоо үчүн бардык аракеттин көрүлүшү керектигин баса белгиледи.
«Ар бир палестиналыктын жашоосу, ар бир израилдиктин жашоосундай маанилүү»,-деген Албаниз Израилдин Газадагы Жебалия качкындар лагерине кол салуусунун «чоң тынчсызданууну пайда кылганына» көңүл бурду.
Албаниз Газада үй-бүлө мүчөлөрү өлтүрүлгөн Австралия жарандары менен жолукканын жана бул адамдардын федералдык өкмөттөн «Израилдик жоготуулар, барымтадагылар жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктары изделгендей, өздөрү үчүн да ошондой кылынышын» талап кылганын айтты.