Иран Израиль-Палестина чатагына кийлигишет деген дооматтарды четке какты

Tesnim агенттигинин маалыматына ылайык, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани жумалык маалымат жыйынында күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

2051517
Иран Израиль-Палестина чатагына кийлигишет деген дооматтарды четке какты

Иран Израиль-Палестина чатагына кийлигишет деген дооматтарды четке какты.

Tesnim агенттигинин маалыматына ылайык, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани жумалык маалымат жыйынында күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) маалымат каражаттарында «Израилдин Газага кол салуулары уланса Иран кийлигишет» деген дооматтар тууралуу суроого Кенани мындай деди: «Биз мындай билдирүүлөргө (дооматтарга) көңүл бурбайбыз. Чындык Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрү сионисттердин адамзатка каршы уланып жаткан кылмыштарына жооп бериши. Мындай ойдон чыгарылган долбоорлор «Бул жөн гана АКШнын Газа элине эч кандай суроо-сопкуусуз кол салган сионисттерге көрсөткөн колдоосун дүйнө коомчулугуна түшүндүрүү аракети», - деди

Ирандын 14-октябрда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) аркылуу Израилге «кол салууларды токтотпосоңор кийлигишебиз» деген билдирүү жибергени айтылды.



Тектеш кабарлар