Мадуро: "Израиль геноцид кылып жатат"

Палестина элин ар дайым жактай тургандарын белгилеген Мадуро, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын эки мамлекеттүү чечим чакырыгын да колдогондорун билдирди.

2048618
Мадуро: "Израиль геноцид кылып жатат"

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Газа тилкесинде карапайым калк жашаган имараттардын туш келди бомбаланганын айтып, Израилди Палестина элине каршы “геноцид” кылып жатат деп айыптады.

Катышкан программада сөз сүйлөгөн Мадуро, Израилдин Газада мурда да көп жолу «кыргын» жасаганын белгиледи.

Мадуро: «Газада карапайым калк жашаган имараттарга туш келди сокку урулууда, бардык жер бомбаланып, аялдар жана балдар күн сайын өлүүдө. Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулман бир туугандарымды, христиандарды жана еврейлерди ок атышууну дароо токтотуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) чакырык салууга чакырам»,- деди.

Мадуро тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн мүмкүн болушунча тез башталышы керектигин жана БУУнун резолюцияларын урматтаган көз карандысыз жана эгемен Палестина мамлекетинин түзүлүүсү керектигин айтты.

Палестина элин ар дайым жактай тургандарын белгилеген Мадуро, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын эки мамлекеттүү чечим чакырыгын да колдогондорун билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Израиль жана Палестина тууралуу билдирүүлөрүн да колдогон Венесуэланын президенти: «Эрдоганга толугу менен кошулам. Акылга сыярлык сөздөрдү айтууда. БУУнун резолюцияларын урматтоонун алкагында адилеттүү жана толук тынчтык орнотулушу керек. Лидер катары бул абалга кийлигише турган, ок атышпоонун ишке ашуусун камсыздай турган жана адилеттүү тынчтыкты демилгелеген адам Эрдоган болушу мүмкүн»,-деди.



Тектеш кабарлар