Флоренцияда кыска мөөнөт үчүн үйлөрдү ижарага берүүгө тыюу салынды

Италия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Флоренция шаардык кеңешинде кабыл алынган чечим менен «Airbnb» сыяктуу платформалар аркылуу жаңы үйлөрдү кыска мөөнөткө ижарага алууга тыюу салынды.

2046158
Флоренцияда кыска мөөнөт үчүн үйлөрдү ижарага берүүгө тыюу салынды

Италиянын туристтик шаарларынын бири болгон Флоренция тарыхый шаардын борборунун чектеринде туристтер үчүн кыска мөөнөттүү жашоо үчүн жаңы үйлөрдү ижарага берүүгө тыюу салды.

Италия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Флоренция шаардык кеңешинде кабыл алынган чечим менен «Airbnb» сыяктуу платформалар аркылуу жаңы үйлөрдү кыска мөөнөткө ижарага алууга тыюу салынды.

Чечимде  кыска мөөнөттүү ижара моделинен баш тартып, үйлөрүн узак мөөнөттүү ижарага ачкан үй ээлери үчүн турак жай салыгынын азайтылышы да каралды.

Флоренция мэри Дарио Нарделла бул маселе боюнча билдирүүсүндө борбордо жашаган шаар тургундарынын көп батирлүү мейманканаларда жашап жатканына нааразы болуп жатышканын жана бул чечимдердин жергиликтүү элдин жардам чакыруусуна жооп экендигин белгиледи.

Нарделла турак - жайларды кыска мөөнөттүү ижарага алуунун шаардагы ижара бааларынын өсүшүнө да себеп болгондугун белгиледи.

 



Тектеш кабарлар