Түштүк Корея Ким Чен Ынды мактаган видеого тыюу салат

Би-Би-Синин кабарына караганда, Түштүк Кореянын Байланыш комиссиясы апрель айында TikTok социалдык медиа платформасында тараган видео боюнча билдирүү жасады.

2142288
Түштүк Корея Ким Чен Ынды мактаган видеого тыюу салат

Түштүк Корея Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды "чоң ата" жана "улуу лидер" катары даңазалаган ТикТоктогу ырга тыюу сала турганын жарыялады.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Түштүк Кореянын Байланыш комиссиясы апрель айында TikTok социалдык медиа платформасында тараган видео боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүдө аталган видеодо Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук мыйзамын «бузган» мазмундун бар экени жана ырдын «Ким Чен улуу лидер, чоң ата Ким Чен менен сыймыктаналы» деген сөздөрдүн камтылганы белгиленди.

Бул ырдын Ким Чен Ынды «мактап» жана «даңктаганы» айтылган билдирүүдө, видео «Түндүк Кореянын түштүккө каршы жүргүзгөн психологиялык согушунун типтүү мисалы» деп мүнөздөлдү.

Билдирүүдө тыюу салуу чечиминин Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо кызматынын талабы менен кабыл алынганы кабарланды.



Тектеш кабарлар