Байден-Аль Тани сүйлөшүүсү

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, президент Байден Катардын эмири шейх Тамим менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2046301
Байден-Аль Тани сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Иран менен туткундарды алмашуунун алкагындагы сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Катарды жогору баалады.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, президент Байден Катардын эмири шейх Тамим менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки лидер аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешип иштөөгө ниеттенишкенин билдиришти.

Байден Катарды АКШ менен Ирандын ортосундагы туткундарды алмашууну, ошондой эле Ооганстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн жогору баалады.

Коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө чечкиндүүлүктөрүн билдирген эки лидер тынчтыкчыл, коопсуз, гүлдөп өнүккөн жана ырааттуу Жакынкы Чыгыш аймагы үчүн орток көз караштарын алдыга жылдырууну да талкуулашты.

АКШ жана Иран 10-августта, АКШда камакка алынган 5 ирандык жаран менен Иранда кармалган 5 америкалык жаранды алмашуу жана Ирандын Түштүк Кореядагы 6 миллиард долларлык бөгөттөлгөн мунай кирешесине жетүү мүмкүнчүлүгүн макулдашкан.

Катар менен Омандын ортомчулугунда жетишилген келишимдин алкагында аталган кишилер, 18-сентябрда Ирандын Катардагы банктардагы 6 эсебине болжол менен 5,6 миллиард евро которулгандан кийин бошотулган.



Тектеш кабарлар