Европадагы эң чоң динозавр скелеттеринин бири Испанияда табылды

Европадагы эң чоң динозавр скелеттеринин бири Испаниянын Валенсия шаарындагы Эль-Порт-де-Морелла районунда табылды.

2043579
Европадагы эң чоң динозавр скелеттеринин бири Испанияда табылды

Европадагы эң чоң динозавр скелеттеринин бири Испаниянын Валенсия шаарындагы Эль-Порт-де-Морелла районунда табылды.

Испан палеонтологу Хосе Мигель Гасулла испан басма сөзүнө берген маалыматында Эль Порт-де-Мореллада табылган динозавр скелетинин ири сөөктөрүнүн 100 миллион жылдан ашуун убакыттан бери бул аймакка гана тиешелүү болгон саз жана чоң папоротниктердин астында жакшы сакталгандыгын айтты.

Азыркы күндөн  145 жыл  мурда башталып  66 миллион жыл мурда акырына чыккандыгы кабыл алынган Төмөнкү бор мезгилине таандык динозавр түрлөрүнүн бул аймакта экендиги  мурдатан эле билингендигин айткан  Гасулла, акыркы динозавр скелетинин табылган эң ирилеринин бири экендигин белгиледи. Гасулла  акыркы динозавр скелетинин Европада  табылгандардын  эң ириси жана  Пиреней жарым аралында табылган жаңы түр экендигин айтты. 

Сауропода деп аталган динозавр түрүнө таандык экендиги айтылып жаткан  скелеттин  1 метрден кең омурткалары,   болжол менен 2 метр бийиктикте жамбаш сөөгүнүн бар экени белгиленди.

Аймакта жалпысынан төрт динозавр скелетинин табылгандыгы жана үчөөнүн жаңы түргө таандык экендиги  ортого салынды.

Гасулла : "Бул аймак Испаниядагы динозавр калдыктарынын изилдениши жактан ачкыч мааниге ээ. Өзгөчө Европанын Төмөнкү бор мезгилине таандык мыкты каттоолордун бири жана динозаврлардын түрдүүлүгүн кеңейткен бир жер. Биз бул жерден жакшы кабар алганга көнүп калганбыз. Бул эл аралык илимий коомчулук үчүн да чоң окуя», - деди.

 

 



Тектеш кабарлар