Ирактын Мосул шаарындагы өрт: 100 адам каза болду

Хамдание районундагы тойканада чыккан өрттөн 100 кишинин каза болгону, 500 кишинин жаракат алганы кабарланды.

2042711
Ирактын Мосул шаарындагы өрт: 100 адам каза болду

Ирактын Мосул шаарындагы тойканада чыккан өрттөн 100 адам каза болду.

Мосулдун Саламаттык сактоо департаментинин директорунун орун басары Ахмед Хамдани жергиликтүү маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө, Хамдание районундагы тойканада чыккан өрттөн 100 кишинин каза болгонун, 500 кишинин жаракат алганын кабарлады.

Фейерверктен улам чыккандыгы айтылган өрт учурунда тойканада 800 кишинин болгону маалымдалды. 



Тектеш кабарлар