Мароккодогу жер титирөөнүн кесепети

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам жеткирүүгө көптөгөн расмий мекемелер жана бейөкмөт уюмдар салым кошууда.

2039507
Мароккодогу жер титирөөнүн кесепети

Мароккодогу жер титирөөнүн 12-күнүндө издөө-куткаруу иштери уланууда.

Издөө-куткаруу топторунун ар кайсы аймактардагы иштери менен катар жер титирөөдөн жабыркагандарга чатыр жана жардам материалдарын таратуу да уланып жатат.

Көптөгөн расмий мекемелер жана бейөкмөт уюмдар, апааттан жабыркаган аймактарды интернет менен камсыз кылуу, күн энергиясы аркылуу электр энергиясын берүү, ар кандай колдоо жана жардам көрсөтүү процессинде координацияланган иш-аракеттерге өз салымдарын кошууда.

Бир тараптан көп сандаган окуучу билим берүүнүн экинчи күнүндө да жер титирөө болгон аймакта мектеп катары даярдалган чатыр класстарда орун алса, болжол менен 6 миң окуучу Марракештеги билим берүү мекемелерине жөнөтүлдү.

Улуттук билим берүү министрлиги мектептердин ачылышына байланыштуу билдирүүсүндө, мектептердеги алгачкы сабактардын ​​окуучуларды психологиялык жактан колдоого багытталган иш-аракеттерге бөлүнгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары каржылык колдоо көрсөтүү максатында жер титирөөдө жарым-жартылай же толугу менен жабыркаган үйлөрдү каттоо иштери улантылууда.

Мароккодо 8-сентябрга караган түнү күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.

Марокконун Ички иштер министрлиги акыркы маалыматтарга караганда жер титирөөдө каза болгондордун саны 2 миң 946, жаракат алгандардын санынын 6 миң 125ке жеткенин жарыялаган. 



Тектеш кабарлар