АКШда 3 автомобиль заводунун жумушчулары иш ташташты

13 миңге жакын жумушчу биримдиктин 88 жылдык тарыхында биринчи жолу чогуу иш таштоо чечимин кабыл алышты.

2038099
АКШда 3 автомобиль заводунун жумушчулары иш ташташты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Детройт штаты жана айланасында автомобиль чыгарган 3 башка заводдо иштеген 13 миңге жакын жумушчу эмгек акы келишпестигинен улам профсоюздун тарыхында биринчи жолу чогуу иш таштады.

«United Auto Workers» деп аталган профсоюздун мүчөлөрү болгон жана General Motors, Ford жана Stellantis заводдорунда иштеген 13 миңге жакын жумушчу биримдиктин 88 жылдык тарыхында биринчи жолу чогуу иш таштоо чечимин кабыл алышты.

Бул кызматкерлер фабрика жетекчилери менен кечээ түн жарымында аяктаган келишимдерин жаңыртуу үчүн айлык акынын жогорулашына байланыштуу жолугушуусу терс өткөн соң ушундай чечимге келишти.

Иш таштоо узак убакытка созула турган болсо камсыздоо жетишсиздиги жана баалардын көтөрүлүшү мүмкүн деген тынчсыздануулар бар.


Этикеткалар: #Детройт штатында

Тектеш кабарлар