Зеленский: "Тынчтыкка жакынбыз"
АКШга сапары учурунда ABC телеканалына маек берген Зеленский, АКШнын президенти Жо Байденге сунуштай турган «жеңиш планынын» Украинаны күчтөндүрө турганын айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусия менен өлкөсүнүн ортосундагы согуштун бүтүшүнүн көпчүлүк ойлогондон да жакын экенин билдирди.
АКШга сапары учурунда ABC телеканалына маек берген Зеленский, АКШнын президенти Жо Байденге сунуштай турган «жеңиш планынын» Украинаны күчтөндүрө турганын айтты.
Зеленский: «Менин оюмча, тынчтыкка көптөр ойлогондон да жакынбыз. Согуштун аякташына жакындап калдык»,-деди.
Орусия менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого Зеленский, тынчтык планында Москва менен түз сүйлөшүү камтылбайт деп жооп берди.
Зеленский: «Биз күчтүү позицияга ээ болгондо гана Путинди дипломатия аркылуу тынчтык орнотууга мажбурлай алабыз»,- деди.
Владимир Зеленский БУУнун “Келечек саммитине” катышып, “Келечек келишимин” кабыл алган өлкөлөргө ыраазычылык билдирген жана Киевдин тынчтык аракеттеринен сөз кылган. Украин президенти ошондой эле жылдын аягына чейин экинчи тынчтык саммитинин өткөрүлүшү мүмкүн экенин маалымдаган.
Владимир Зеленский 25-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөйт. Зеленский G7 жана Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен да жолугушуу өткөрүүнү пландаштырууда.