Зариф: "Согушту токтотуу үчүн кызматташууга даярбыз"

АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Зариф күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

2190818
Зариф: "Согушту токтотуу үчүн кызматташууга даярбыз"

Ирандын вице-президенти Жевад Зариф Газа согушун токтотуу үчүн башка өлкөлөр менен кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 79-жыйынынын алкагында түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Зариф күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Зариф: «Өзүбүздүн жарандарыбыз жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн тынчтыкчыл жана ырааттуу дүйнөгө өтүүнү каалайбыз. Биз согушту көздөбөйбүз, бирок өзүбүздү коргойбуз»,-деди. 

Газа согушун бүтүрүү үчүн Ирандын башка өлкөлөр менен кызматташууга даяр экенин баса белгилеген Жевад Зариф: «Эл аралык коомчулук бизди Газадагы согушту токтотуу үчүн сабырдуулукка чакырды, бирок ок атышпоо келишими убадасы эч качан аткарылган жок»,-деп айтты.

Израилдин Газага дээрлик бир жылдан бери улантып жаткан кол салууларында 41 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар