Үч өлкө Россиянын унааларына тыюу салды

Биринчи болуп Литва тыюу салды.

2036903
Үч өлкө Россиянын унааларына тыюу салды

Литва, Латвия жана Эстония Россиянын номерин алган унаалардын өлкөгө киришине тыюу салды. 

Биринчи болуп Литва тыюу салды. 

Литванын тышкы иштер министринин орун басары Йовита Нелиупсиене жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Азыркы учурда орус жарандары чек арадан бир гана автобус же жөө өтө алышат",- деди. 

Россия менен кургактыктан байланышы болбогон Литва менен Польшанын ортосунда Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан, Россиянын жери болгон Калининградга бара турган унаалардын бул тыюу салуудан бошотуларын белгилеген Нелиупсиене керектүү документтерди көрсөтпөгөн кишилердин чек арадан өткөрүлбөй тургандыгын айтты. 

Латвия басма сөзүндө орун алган кабарда орус номурлуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынганы айтылды.

Маселе боюнча акыркы кадам Эстониядан жасалып, өлкөнүн ички иштер министрлиги бүгүндөн тарта орус номурлары бар унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынганын жарыялады. 

Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Россия Украинадагы геноцидди улантып жаткан учурда агрессивдүү мамлекеттин жарандарынын эркиндик жана демократиянын мүмкүнчүлүктөрүнөн  пайдаланышына жол бере албайбыз",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар