Нигерияда 2,2 миллион бала эмделет

Нигериянын Улуттук Саламаттыкты сактоо Кызматтары Агенттигинин (NPHCDA) директору Файзал Шуайб, өлкөдө эмдөө акциясынын башталганын билдирди.

2036479
Нигерияда 2,2 миллион бала эмделет

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигерияда 2 миллион 200 миң баланын алдын алууга боло турган эпидемиялык ооруларга каршы эмделери билдирилди.

Нигериянын Улуттук Саламаттыкты сактоо Кызматтары Агенттигинин (NPHCDA) директору Файзал Шуайб, өлкөдөгү балдарда «эпидемиялык ооруларды жок кылуу» максатынын алкагында эмдөө акциясынын башталганын кабарлады.

Акциянын негизинде өлкө боюнча 2 миллион 200 миң баланы эмдөөнү максат кылгандарын белгилеген Шуайб, өлкө калкынын маанилүү бөлүгүнүн дагы деле эмдөө менен алдын алууга боло турган ооруларга каршы сезимтал эмес экенин айтты.



Тектеш кабарлар