Захарова: "Лачын жана Агдам жолунун ачылышын колдойбуз"

Захарова пресс-конференция өткөрдү.

2033461
Захарова: "Лачын жана Агдам жолунун ачылышын колдойбуз"

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Лачын-Ханкенди жана Агдам-Ханкенди жолдорунун ачылышын Орусиянын колдой турганын билдирди.

Захарова өткөргөн пресс-конференцияда Армения менен Азербайжандын ортосундагы көйгөйлөр жана Карабактагы абалга байланыштуу: "Лачынга да, Агдамга да жол ачылуусун жактайбыз. Бул маселени саясатташтырбоого чакырабыз",- деди.

Армян бийлигинин Орусияга каршы билдирүүлөрүн эске салган Захарова: "Ереван тараптан Орусияны тынымсыз айыптоо билдирүүлөрү кабыл алынгыс. Биринчиден бул билдирүүлөр аймактагы жардамга муктаж адамдарга зыян келтирүүдө",-деп айтты.



Тектеш кабарлар