Имран Хандын 3 жылдык абак жазасы кечеңдетилди

Исламабаддын Жогорку соту Ханды күрөөгө бошотууга өкүм чыгарды.

2030572
Имран Хандын 3 жылдык абак жазасы кечеңдетилди

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Ханга коррупциялык иш боюнча берилген 3 жылдык абак жазасы кечеңдетилди.

Исламабаддын Жогорку соту Ханды күрөөгө бошотууга өкүм чыгарды.

Сот буга чейин Ханды премьер-министр кезинде алган 490 миң долларлык белектерди саткан жана кызматын кыянаттык менен пайдаланган деп 3 жылга эркинен ажыраткан.

Пакистан полициясы, Ханды соттун чечими менен 5-августта Лахордогу үйүндө камакка алган.

Пакистандын шайлоо комиссиясы 8-августта, соттолуп жаткан коррупциялык доодо күнөөлүү деп табылган Имран Ханды 5 жылга саясаттан четтетүүнү чечкен.

Хан өлкөнүн түндүк-батышындагы Атток түрмөсүндө кармалууда.



Тектеш кабарлар