Норвегия Украинага Ф - 16 учагын жиберет
Норвегиянын премьер - министри Йонас Гар Сток расмий сапар менен Украинага барат.
2028897
![Норвегия Украинага Ф - 16 учагын жиберет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/20ce/b56f/8fad/6438dac0b13e9.jpg?time=1718919652)
Нидерландия жана Даниядан кийин Норвегиянын Украинага Ф - 16 аскердик учактарын берүү чечимин чыгаргандыгы билдирилди.
Норвегиялык медиа NRK жана TV2 темага жакын булактарга таянган кабарда Норвегиянын Украинага Ф - 16 согуштук учактарын жөнөтө турганы белгиленди.
Бул тууралуу азырынча расмий билдирүү жасала элек.
Норвегия Нидерландия жана Данияндан кийин Украинага бул учактарды жиберген үчүнчү өлкө болот.
Бир тараптан Норвегиянын премьер - министри Йонас Гар Сток расмий сапар менен Украинага барат.