Баербок эстониялык кесиптеши менен жолугушту

Баербок Германиянын борбор шаары Берлинде эстониялык кесиптеши Маргус Цахкна менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2027903
Баербок эстониялык кесиптеши менен жолугушту

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок Орусиянын Украинага кол салганын жана Украинанын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) келишиминин алкагында өз өлкөсүн жана элин коргоого укугу бар экенин айтты.

Баербок Германиянын борбор шаары Берлинде эстониялык кесиптеши Маргус Цахкна менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Москванын үстүнөн учкан учкучсуз аппараттардын санынын көбөйүп жатканын мисал келтирип, бул абал чыңалууну дагы да күчөтүп күчөтпөй турганына тынчсызданып жатасызбы деген суроого Баербок, Орусиянын БУУнун келишиминдеги күч колдонууга байланыштуу беренени бузганын жана Украинадагы жарандык буталарды, ооруканаларды жана чиркөөлөрдү кайра-кайра бомбалаганын айтты.

Баербок: «Орусия Украинага кол салды, ошондуктан Украина БУУнун келишимине ылайык өз өлкөсүн жана элин коргоого укуктуу», - деди.

Эстониянын тышкы иштер министри Цахкна да Украинадагы согушка жана андагы бардык аракеттерге Орусиянын жооптуу экенин билдирип: «Андыктан биз Украинаны түшүнүп, колдоо көрсөтүшүбүз керек»,- деп айтты.

Цахкна өлкөсүнүн энергетиканы трансформациялоодо амбициялуу максаттары бар экенин белгилеп, жолугушууда Германия менен кызматташууну талкуулашканын кабарлады. 



Тектеш кабарлар