Зеленский аскердик комиссарларды кызматтан алууда

Украинанын президенти Владимир Зеленский коррупция боюнча бардык аймактык аскердик комиссарларын кызматтан алды.

2026383
Зеленский аскердик комиссарларды кызматтан алууда

Украинанын президенти Владимир Зеленский коррупция боюнча бардык аймактык аскердик комиссарларын кызматтан алды.

Зеленский Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин 2023 - жылдын 11 - августундагы “Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык чакыруу жана социалдык колдоо борборлорун текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” токтомуна кол койду.

Зеленский 11 - августтагы билдирүүсүндө, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин кезексиз жыйынында аскер тармактарын текшерүүнүн жыйынтыгын талкуулашкандарын белгилеп : «Аскердик ведомствонун жооптуу кызматкерлерине карата 112 кылмыш иши козголуп, жалпысынан 33 шектүү бар. Биз кабыл алган чечимдер менен бардык облустардын аскердик комиссарларын кызматтан алып жатабыз», - деген.

Зеленский жаңы аскердик комиссарлар дайындалганга чейин Украинанын Коопсуздук кызматы тарабынан көзөмөлдөнөрүн белгиледи.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, өткөн айда айрым аймактардын аскердик комиссарлары кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланып, кызматка алуу учурунда пара алганы аныкталган.

Журналисттер Одессанын аскердик комиссары Евгений Борисовдун Испанияда кымбат баалуу мүлкү жана кымбат унаалары бар экенин ачыкка чыгаргандан кийин Борисов аскердик кызматка жараксыз экенин көрсөткөн документтерди жарандарга саткан деген шек менен кармалган.

Укук коргоо органдары ошондой эле Днепропетровск аскер комиссарынын 2022-жылдын 24-февралында башталган Россия-Украина согушунда бир нече унааны атасынын атына каттатып, Днепр шаарынан эки батир сатып алганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар