Испанияда токой өрттөрү уланууда
Учурда өрттүн кесепетинен 3 миң 273 гектар аянт күлгө айланды.
2026553
![Испанияда токой өрттөрү уланууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b6da/ade4/2668/64df8357f29df.jpg?time=1718446651)
Испаниянын Канар аралдарынан Тенерифе аралынын түндүк-чыгышындагы жаратылыш паркында шейшемби күнү башталган токой өртүн өчүрүү мүмкүн болбой жатат.
Жалпысынан 17 учак, 350 өрт өчүрүүчү жана аскер кызматкерлери менен жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, өрт жайылып баратат.
Учурда өрттүн кесепетинен 3 миң 273 гектар аянт күлгө айланды.
Канар аралдарынын автономиялуу администрациясынын президенти Фернандо Клавихо командалардын күнү-түнү иштеп жатканын, бирок өртүнт "көзөмөлдөн чыккандыгын" билдирди.
Өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Испания өкмөтүнүн маалыматы боюнча, жылдын биринчи 7 айында токой өрттөрү 64 миң гектарга жакын аянтты күлгө айландырган.