Багдадда термометрлер 50 градусту көрсөттү

Ирактык жарандар, аптаптуу ысыкта электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына нааразылыгын улантууда.

2023679
Багдадда термометрлер 50 градусту көрсөттү

Ирактын борбор шаары Багдадда акыркы мезгилдин эң ысык күндөрү болуп жатканда, термометрлер 50 градусту көрсөттү.

Багдадда июль айында орточо 45-48 градус болгон температура бүгүн түштөн кийин 50 градуска чейин көтөрүлдү.

Ирактык жарандар, аптаптуу ысыкта электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына нааразылыгын улантууда. Багдадда суткасына орто эсеп менен 3 сааттан 5 саатка чейин электр энергиясы берилүүдө.

Багдаддыктар электр энергиясын акча төлөп кварталдык генераторлордон алышат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бул кызматтан пайдалана алышпайт.

 



Тектеш кабарлар