Түндүк Европада катуу шамал

Латвияда ылдамдыгы саатына 108 чакырымга жеткен шамалдан улам аймакта бак-дарактар ​​кулап, мөндүр жааганы маалымдалды.

2021384
Түндүк Европада катуу шамал

Түндүк Европанын Балтика деңизи аймагындагы бороондуу аба ырайы учактардын кечигип, паром каттамдарынын токтошуна себеп болду.

Латвияда ылдамдыгы саатына 108 чакырымга жеткен шамалдан улам аймакта бак-дарактар ​​кулап, мөндүр жааганы маалымдалды.

Даниянын борбор шаары Копенгагенде да өрт өчүрүү кызматы калкты сейил бактардан жана токойлордон алыс болууга чакырып, катуу шамалдын бактардын кулоо коркунучун арттырганын жарыялады.

Норвегиянын түштүгүндө жетекчилер нөшөрлөгөн жамгыр жана селден улам метеорологиялык эскертүүлөрдү эң жогорку деңгээлге чыгарышты.



Тектеш кабарлар