Швецияда чуулгандуу Эритрея маданият фестивалы...

Окуялар боюнча иликтөө иштери башталганда 100дөн ашуун демонстрант кармалды.

2020077
Швецияда чуулгандуу Эритрея маданият фестивалы...

Швециядагы Эритрея маданият фестивалында эритреялык каршылаштардын кол салуусунан 52 киши жараланды.

Швециянын «Экспрессен» гезитинин маалыматына караганда, Чыгыш Африкадагы Эритрея өлкөсүнө каршы миңдеген демонстранттар фестивалдын аймагындагы трибуналарды жана унааларды өрттөштү. Окуялар учурунда кеминде 52 адам жаракат алган.

Юстиция министри Гуннар Штроммер: «Эгер сиз Швецияга зордук-зомбулуктан качуу үчүн же убактылуу иш сапары менен келсеңиз, бул жерде зордук-зомбулукка жол бербешиңиз керек. Швецияны башка мамлекеттердин ортосундагы чыр-чатакка ушундай жол менен сүйрөп кетүүнүн мааниси жок»,-деп билдирүү жасады.

Окуялар боюнча иликтөө иштери башталганда 100дөн ашуун демонстрант кармалды.

Швецияда жашаган миңдеген эритреялыктар катышкан фестиваль 1990-жылдардан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.



Тектеш кабарлар