Пакистанда бомбалуу кол салуу болуп, көп сандаган киши каза тапты

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Хайбер-Пахтунхванын Бажаур аймагында JUI-F мүчөлөрү уюштурган конгресске бомбалуу кол салуу болду.

2017834
Пакистанда бомбалуу кол салуу болуп, көп сандаган киши каза тапты

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында коалициялык өкмөттүн өнөктөштөрүнүн бири Ислам уламалар коомунун (JUI-F) конгрессин бутага алган жардыруудан алгачкы маалыматтарга караганда 20 киши каза болуп, 50дөн ашууну жараат алды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Хайбер-Пахтунхванын Бажаур аймагында JUI-F мүчөлөрү уюштурган конгресске бомбалуу кол салуу болду.

Конгресс өткөн имараттын ичинде болгон кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 20 киши каза болуп, 50дөн ашуун киши жараланды.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Акыркы айларда өлкөдө, өзгөчө Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан провинцияларында террордук чабуулдар көбөйдү.

Исламабад бул чабуулдарды Ооганстанда жайгашкан пакистандык талиптер (ТТП) пландап жана башкарган деп эсептейт, Ооганстан муну четке кагат.



Тектеш кабарлар