Грецияда ок-дары сакталган кампада жарылуу болду

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, жээктеги Неа-Агиалос шаарында катуу жарылуулардын үнү угулуп, тургундар эвакуацияланды.

2017154
Грецияда ок-дары сакталган кампада жарылуу болду

Грециядагы токой өрттөрүнөн улам ок-дары сакталган кампада жарылуу болду.

Магнисия аймагындагы өрттүн көзөмөлдөн чыгып кетишинин натыйжасында өрт аскердик учактын ок-дары кампасына жайылып жарылуу болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, жээктеги Неа-Агиалос шаарында катуу жарылуулардын үнү угулуп, тургундар эвакуацияланды.

Жарылуудан улам тегеректеги үйлөрдүн терезелери талкаланды.

Катуу шамалдын айынан өрт тездик менен жайылышын улантып жатканда аймакта деңиз аркылуу да эвакуациялардын ишке ашканы белгиленди.



Тектеш кабарлар