АКШда куралдуу кол салуу: 4 киши каза болду
Аймактык администрациянын басма сөз катчысы Мелисса Робинсон басма сөзгө билдиргендей, кол салууда 4 киши каза болуп, шектүү азырынча табыла элек.
2011890
![АКШда куралдуу кол салуу: 4 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8aab/2d30/5d9b/61c58981bc2b6.jpg?time=1718922768)
АКШнын Жоржия штатында болгон куралдуу кол салуудан алгачкы маалыматтарга караганда 4 адам каза болду.
Аймактык администрациянын басма сөз катчысы Мелисса Робинсон басма сөзгө билдиргендей, кол салууда 4 киши каза болуп, шектүү азырынча табыла элек.
Штаттын Генри округунун расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, полиция борбор Атлантанын түштүгүндөгү Хэмптон шаарында болгон атышуу боюнча иликтөө иштерин баштаган.