Зеленский социалдык медиа эсебинен берген видео билдирүүсүндө НАТОнун Вильнюс саммитине баа берди

Владимир Зеленский НАТОнун Вильнюс саммитинен өлкөсү үчүн жакшы жыйынтык менен кайтканын билдирип : “Биз эгемендүүлүктү алгандан бери биринчи жолу НАТОго бара жаткан Украина үчүн коопсуздуктун пайдубалын түздүк»,- деди.

2010953
Зеленский социалдык медиа эсебинен берген видео билдирүүсүндө НАТОнун Вильнюс саммитине баа берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун Вильнюс саммитинен өлкөсү үчүн жакшы жыйынтык менен кайтканын билдирип : “Биз эгемендүүлүктү алгандан бери биринчи жолу НАТОго бара жаткан Украина үчүн коопсуздуктун пайдубалын түздүк»,- деди.

Зеленский социалдык медиа эсебинен берген видео билдирүүсүндө НАТОнун Вильнюс саммитине баа берди.

Саммиттен өлкөсү жана Украина аскерлери үчүн жакшы жыйынтыктар менен кайткандарын белгилеген Зеленский : «Бул абдан маанилүү. Биз эгемендүүлүктү  алгандан бери биринчи жолу НАТОго бара жаткан Украина үчүн коопсуздук негизин түздүк. Бул дүйнөдөгү алдыңкы 7 демократиялык мамлекет тарабынан тастыкталган реалдуу коопсуздук кепилдиктери»,- деди.

Мындан мурда Украинанын мындай коопсуздук пайдубалы болбогонун баса белгилеген Зеленский : «Бул пайдубалдын үстүндө эң күчтүү өлкөлөр менен эки тараптуу коопсуздук келишимдерден турган жаңы жана юридикалык жактан милдеттүү архитектура курабыз»,-деди.

Саммитте Украинанын НАТОго кошулушуна байланыштуу бардык күмөндөрдүн жана белгисиздиктердин жоюлганына көңүл бурган Владимир Зеленский : «Украина НАТОдо орун алат. Биринчи  жолу союздаштар гана эмес, ошол  эле учурда альянстагы олуттуу көпчүлүк катуу колдоп жатат. Буга чейин НАТОнун бир дагы өлкөсүнөн Украина үчүн "тең укуктуусуң" деген сөз эч качан чыныгы мааниге ээ болгон эмес. Эми мунун чындык экенин баары түшүндү»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар