Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынагандыгы билдирилди

Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын Япон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында баллистикалык ракетасын сынагандыгын билдирди.

2010460
Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынагандыгы билдирилди

Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын Япон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында баллистикалык ракетасын сынагандыгын билдирди.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө Түндүк Кореянын борбор шаар  Пхеньяндан жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында Япон деңизи багытында «узак аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын» учургандыгы маалымдалды.

Япониянын Жээк коопсуздук кызматы да Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасын сынагандыгын тастыктады.

Япониянын коргоо министрлиги ракета жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:13тө түндүк Хоккайдо аралынан 250 чакырым алыстыкта ​​жана Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынын тышына түшкөндүгүн жарыялады.

Министрлик «континенттер аралык баллистика» деп мүнөздөгөн ракетанын 6 миң километр бийиктикке жеткенин жана абада 1000 километр жол жүргөндүгүн билдирди.  

Ракета түшкөн аймакта багыт алган аба жана деңиз элементтерине карата ыктымалдуу чыгымдын аныктала тургандыгы белгиленди.

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Мацуно Хироказу ракеталык сыноону айыптап, баллистикалык ракеталарды учуруунун аймактын тынчтыгына жана коопсуздугуна карата коркунуч экендигин айтты.

Бир тараптан Йонхаптын кабарына караганда НАТО жыйыны үчүн учурда Литванын борбор шаары Вильнюста болгон Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл ракета сыноосунан кийин Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.

Юн Түндүк Корея учурган ракетанын «мыйзамсыз» экендигин айтты.

Юндун АКШ менен Түштүк Кореянын Түндүктүн өзөктүк аракеттерине каршы бирдикте кыймыл кылуу үчүн келишкен Өзөктүк кеңешүү тобун бекемдөө боюнча көрсөтмө бергендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар