Европада 95 миллионго жакын адам жакырчылык коркунучунда жашайт

Европанын статистикалык бюросу (Евростат) 2023-жылы ЕБ өлкөлөрүндө жакырчылык жана социалдык четтетүү коркунучунда жашагандар тууралуу маалыматтарды жарыялады.

2152154
Европада 95 миллионго жакын адам жакырчылык коркунучунда жашайт

Европа Биримдигинде (ЕБ) өткөн жылы болжол менен 95 миллион адам жакырчылык коркунучунда жашаганы кабарланды.

Европанын статистикалык бюросу (Евростат) 2023-жылы ЕБ өлкөлөрүндө жакырчылык жана социалдык четтетүү коркунучунда жашагандар тууралуу маалыматтарды жарыялады.

Буга ылайык, өткөн жылы ЕБде калктын 21 пайызы жакырчылык же социалдык жактан четтөө коркунучуна туш болуп, 94,6 миллион адам жакырчылыктын чегинде жашады.

Жакырчылыктын чегинде жашаган адамдардын саны эң жогору болгон өлкөлөр 32 пайыз менен Румыния, 30 пайыз менен Болгария, 27 пайыз менен Испания жана 26 пайыз менен Греция.

Жакырчылыктын же социалдык жактан четтетилгендердин көрсөткүчү эң төмөн болгон өлкөлөр болсо 12 пайыз менен Чехия, 14 пайыз менен Словения жана 16 пайыз менен Финляндия менен Польша.

Жакырчылыктын деңгээли Германияда 21,3 пайыз, Францияда 20,4 жана Италияда 22,8 пайызды түздү.



Тектеш кабарлар