АКШ армиясында өз жанын кыйгандардын саны

АКШ армиясында 883 кишинин өз жанын кыйганы, ошол эле мезгилде «душман огунан» каза болгондордун саны 96га жеткени белгиленди.

2151885
АКШ армиясында өз жанын кыйгандардын саны

Америка армиясында өз жанын кыйгандардын саны “душмандын огунан” каза болгондордон көп экени белгилүү болду.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) көп тираждуу гезиттеринин бири USA Today, армияда кызмат өтөп жаткан жоокерлердин өлүмүнүн себептеринин арасында өз жанын кыйуунун «душмандын огунан» алдыда экенин жазды.

USA Today Коргонуу Саламаттыкты сактоо агенттигинин 2014-2019-жылдарды камтыган "АКШ армиясындагы өлүмдөр" боюнча изилдөөсүн алды. 

Кабарга караганда изилдөөдө, бул мезгилде АКШ армиясында 883 кишинин өз жанын кыйганы, ошол эле мезгилде «душман огунан» каза болгондордун саны 96га жеткени белгиленди.

Америкалык аскерлердин Ооганстан жана Жакынкы Чыгыштан чыгарылуусу менен согуш талаасында каза болгондордун санынын азайганына көңүл бурулган иликтөөдө, өз жанын кыюудан кийин экинчи орунда 814 өлүм менен кырсыктардын турганы айтылды.



Тектеш кабарлар