Песков: «G7нин Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү планы өтө кооптуу»

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө Украинанын ыктымал НАТОго мүчөлүгү жана Чоң жетилик тарабынан бул өлкөгө берилүүсү пландалган коопсуздук кепилдиктери тууралуу баа берди.

2010410
Песков: «G7нин Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү планы өтө кооптуу»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков G7нин Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү планынын «өтө кооптуу» жана «Орусиянын коопсуздугуна кол салууга» барабар экенин айтты.

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө Украинанын ыктымал НАТОго мүчөлүгү жана Чоң жетилик тарабынан бул өлкөгө берилүүсү пландалган коопсуздук кепилдиктери тууралуу баа берди.

Украинанын НАТОго кирүү ыктымалдуулугуна оң карабагандарын белгилеген Песков:«Украинанын НАТОго кирүү маселесине биз абдан терс көз караштабыз. Бул маселе «Чоң жетилик» өлкөлөрү коопсуздук кепилдигин берет деген бүгүн айтылган билдирүүгө түздөн-түз байланыштуу жана бул Украинага карата айтылган. Биз бул чоң ката жана потенциалдык жактан өтө кооптуу деп эсептейбиз »,-деди.

Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүүнүн Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудурарын баса белгилеген Песков : «(Чоң жетилик) Бул өлкөлөр Украинага кандайдыр бир коопсуздук кепилдиги берүү менен чындыгында эл аралык коопсуздуктун бөлүнбөстүк принцибине көңүл бурбай жатышат. Башкача айтканда, алар Украинага коопсуздук кепилдигин берүү менен Орусиянын коопсуздугуна кол салууда»,-деп айтты.

Песков ошондой эле кассеталык бомбаларды Украинага жеткирүү жана бул өлкөнүн аны Орусияга каршы колдонуу мүмкүнчүлүгүнө сереп салып: «Албетте, мындай куралдын колдонулушу оюн өзгөртөт жана албетте Орусияны жооп катары белгилүү кадамдарга барууга мажбурлайт»,-деп айтты.

Британ өкмөтүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Чоң жетилик (G7) өлкөлөрүнүн Украинанын узак мөөнөттүү коопсуздук кепилдиктерин камтыган документке бүгүн кол кое турганы билдирилген.



Тектеш кабарлар