Байден Эрдогандын Швеция тууралуу таштаган кадамына ыраазы

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Түркиянын Швециянын НАТОго кошулуу протоколдорун Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кароо чечимин кубаттай турганын айтты.

2009850
Байден Эрдогандын Швеция тууралуу таштаган кадамына ыраазы

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Түркиянын Швециянын НАТОго кошулуу протоколдорун Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кароо чечимин кубаттай турганын айтты.

Байден жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдогандын  Швециянын  НАТОго кошулуу протоколун бекитүү үчүн Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кароо жана Түркия, Швеция жана НАТОнун   баш катчысы Йенс Столтенберг тарабынан жарыяланган билдирүүнү ыраазычылык менен кабыл алгандыгын белгилеп : "Европа  -  Атлантика аймагында коргонуу жана бөгөт коюну өнүктүрүү үчүн президент Эрдоган жана Түркия менен бирдикте иштегенге даярмын",- деди. 

Швецияны НАТОнун 32 - өнөктөшү катары тосуп алууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирген Байден НАТОнун баш катчысы Столтенбергге чечкиндүү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кээ бир америкалык депутаттар да билдирүүлөрүндө Түркиянын Швециянын НАТОго кошулуу протоколун парламентке жөнөтөөрүн жарыялоосуна ыраазы экендерин билдиришти.

Кечээ Литванын борбор шаары Вильнюста президент Режеп Таййип Эрдоган, Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун саммитинде жолугушуп, макулдашкан.

Меморандумдун алкагында Түркиянын Швециянын НАТОго кошулуу протоколдорун Түркия Улуу Улуттук Парламентине алып барары, Швециянын Бажы биримдигин жаңыртуу жана визаларды либералдаштыруу сыяктуу Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине активдүү колдоо көрсөтө турганы белгиленген.

 



Тектеш кабарлар