Сергей Лавров дан келишими тууралуу билдирди
Сергей Лавров Кара деңиз дан демилгеси аяктаса да Россиянын айыл чарба продукцияларын экспорттоону уланта тургандыгын айтты.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кара деңиз дан демилгеси аяктаса да Россиянын айыл чарба продукцияларын экспорттоону уланта тургандыгын билдирди.
Лавров видеоконференция аркылуу өткөргөн маалымат жыйынында, эгер Кара деңиз дан демилгеси аяктай турган болсо, Россиянын айыл чарба продукциясынын экспорту зыян тартпай тургандыгын айтып : "Жер семирткич жана азык - түлүк экспортубуз улантылууда. Өнөктөштөрүбүздүн зыян тартпай тургандыгына ишенем",- деди.
Министр Лавров дан демилгесинин Украинанын дан экспортуна тиешелүү бөлүгү коммерциялык мүнөзгө ээ экендигин белгилеп, дандын 2,5 пайыздан бир аз ашыгы эң жакыр өлкөлөргө экспорттолгондугун, келишим токтотула турган болсо, Россия чыгымдарды камсыз кылуу менен эң жакыр өлкөлөргө ушуга окшогон же дагы чоң көлөмдөгү дандын акысыз жеткирилишин камсыздай турганын билдирди.