Владимир Путин элге курал кезегендердин баарынын жазалана тургандыгын айтты

Россия менен Вагнер коопсуздук компаниясынын ортосундагы кризистен кийин маалымат жыйынын өткөргөн Путин Вагнердин аракетин «куралдуу көтөрүлүш» деп мүнөздөдү.

2003857
Владимир Путин  элге курал кезегендердин баарынын жазалана тургандыгын айтты

Россиянын президенти Владимир Путин элге курал кезегендердин баарынын жазалана тургандыгын айтты.

Россия менен Вагнер коопсуздук компаниясынын ортосундагы кризистен кийин маалымат жыйынын өткөргөн Путин Вагнердин аракетин «куралдуу көтөрүлүш» деп мүнөздөдү.

Бардык фронттордо аскер бөлүктөрүнүн командирлери менен жолукканын жана армиянын баатырларча согушкандыгын белгилеген Путин Россиянын жарандарына, аскерлерине, коопсуздук күчтөрүнө,  жалган жана коркутуулар менен куралдуу козголоң жолуна түшкөндөргө кайрылып : «Азыркы учурда элибиздин келечеги белгиленип жатат жана бардык күчтөр биригип, бардык чыр  - чатакты бир тарапка таштоо керек»,- деди.

«Россияны кайрадан бөлүп  - жарууга уруксат бербейбиз. Элибизди коргойбуз»,- деген Владимир Путин куралдуу козголоң кыймылына киришкендердин жазаланарын, мыйзам жана элдин алдында жоопко тартыларын белгиледи.

Вагнер кризисин коомду бөлүп  - жаруу аракети катары мүнөздөгөн Путин : «Бардык кыйынчылыктарды жеңебиз жана дагы да күчтөнөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар