Йенс Столтенберге Украинага карата жардам тууралуу билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Литванын борбор шаары Вильнюста  боло турган НАТО саммитинде союздаштардын Украинанын НАТОнун стандарттарын жогорулата турган узун мөөнөттүү жардам пакетин  кабыл алышарын айтты.

2002626
Йенс Столтенберге Украинага карата жардам тууралуу билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Литванын борбор шаары Вильнюста  боло турган НАТО саммитинде союздаштардын Украинаны НАТОнун стандарттарына  жогорулата турган узун мөөнөттүү жардам пакетин  кабыл алышарын айтты.

Столтенберг немис Tagesspiegel гезитине берген билдирүүсүндө : «Саммитте союздаштар Украинаны НАТО стандарттарына жогорулата турган узун мөөнөттүү жардам пакетин кабыл алат. Биздин жардамыбыз менен  Украина армиясы мурдагы советтик  армиядан НАТО стандарттарына карата иштеген заманбап бир күчкө өтөт»,- деди.

Ушунун негизинде Украина менен саясий карым  - катнаштардын да күчөй тургандыгын баса белгилеген Столтенберг өзгөчө НАТО өлкөлөрүнүн Украинага кенен аскердик жардам берүүнү уланта тургандыгына байланыштуу убада берүүлөрүн күткөндөрүн айтты.

2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Украина -  Россия согушунун бүтүшүн баарынын каалаганын белгилеген Столтенберг бардык союздаштардын Украинанын бир күнү НАТОго мүчө болушу боюнча бирдей пикирде экендигин  айтты.



Тектеш кабарлар