Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкциялар боюнча макулдашты

Швециянын расмий социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.

2002734
Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкциялар боюнча макулдашты

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Орусияга каршы санкциялардын 11-пакети боюнча макулдашууга жетишти.

Евробиримдиктин кезектеги төрагасы Швециянын расмий социалдык медиа баракчасынан: «Бүгүн Евробиримдик өлкөлөрүнүн элчилери Орусияга каршы санкциялардын 11-пакети боюнча макулдашышты»,-деп кабарланды.

Билдирүүдө: «Пакет, санкциялардан качууга жана тизмеге киргизиле турган жеке адамдарга каршы багытталган чараларды камтыйт»,-деп айтылды.

Евробиримдик комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да бул тууралуу билдирүүсүндө: «11-санкциялар пакетибиз боюнча саясий келишимди кубаттайм»,- деди.

Санкциялардын кошумча экспорт чектөөлөрү менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин «согуш машинасына» дагы бир сокку урарын белгилеген фон дер Ляйен, Кремлди колдогон мекемелердин да бутага алынганын маалымдады.

Фон дер Ляйен, азыркы санкциялардагы боштуктарды толуктоо менен Орусиянын чектөө киргизилген продукцияга жетүүсүн алдын ала тургандарын айтты.

Жаңы санкциялар пакетинин бардык деталдары азырынча айтыла элек.

Евробиримдиктин Орусияга каршы даярдаган 11-санкция пакети, учурдагы санкциялардын бузулушун алдын алуу жана санкциялардагы боштуктарды толтурууга багытталган.



Тектеш кабарлар